Программа үчүн
Кыргызстандагы №1 акселератор Accelerate Prosperity («Экcелерейт Просперити») Талас жана Жалал-Абад облустарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине багытталган акселерация программасына катышуучуларды кабыл алууну жарыялайт. Акселерация программасы жеке борборлордун жана бала бакчалардын өнүгүшүнө багытталып, 50 000 АКШ долларына чейин инвестиция алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бала өнүктүрүү тармагындагы тажрыйбалуу ишкерлер өз тажрыйбасы менен бөлүшөт, ал эми бизнес-трекерлер ар бир катышуучуну жеке жетектеп, алардын бизнес жөндөмдөрүн жакшыртат.
Программанын ачылышы эки облуста бир убакта өтөт, окуунун бир бөлүгү борбордо өткөрүлөт. Катышуучуларга ийгиликтүү иштеп жаткан мектепке чейинки мекемелерге экскурсиялар уюштурулат. Программа жеке бала бакчалардын жана мектепке чейинки балдарды өнүктүрүү борборлорунун негиздөөчүлөрүнө арналган, алар туруктуу өсүшкө жана бизнесин өнүктүрүүгө, ошондой эле эрте балалык өнүгүү тармагында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга умтулушат. Программага катышуу үчүн талапкерлердин иш тажрыйбасы кеминде бир жыл болушу жана жылдык кирешеси 250 миң сомдон кем эмес болушу керек.